Akchabarsearch
Кызыл-Кыядагы бала бакчанын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды

Жарыяланган

2026-10-02, 14:49

Кызыл-Кыядагы бала бакчанын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы бала бакчанын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1996-жылы 2200 чарчы метр жер тилкеси менен бирге, жалпы аянты 533,3 кв.м болгон бала бакчанын имараты курулган. “Нур-КМ” акционердик коомунун жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилген. 

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында социалдык объектинин ээси өзүнүн бала бакчанын имаратын жана жер тилкесин мамлекетке өткөрүп берүү боюнча өз ыктыяры менен кайрылган.

УКМК мыйзамсыз менчикке алынган социалдык объектилерди аныктоо жана кайтаруу иштери уланып жатканын белгилейт.


Тектеш материалды окуу