Akchabarsearch
“Чоң-Капка” өткөрмө пунктунда мыйзамсыз тамеки ташуу фактысы аныкталды

Жарыяланган

2026-19-03, 13:08

“Чоң-Капка” өткөрмө пунктунда мыйзамсыз тамеки ташуу фактысы аныкталды

“Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунда акциздик маркасы жок тамеки продукциясын мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында токтотулган унаанын жүк бөлүгүндөгү жашыруун жайдан акциздик маркасы жана коштомо документтери жок “Орис” маркасындагы 950 даана (9 миң 500 куту) тамеки табылган.

Аталган факты боюнча материалдар жана тартып алынган товарлар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Салык кызматы акциздик маркасы жок тамеки жана алкоголдук продукцияны сатуу жана ташуу мыйзам талаптарын одоно бузуу экенин эскертип, мындай мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо боюнча иш-чаралар туруктуу негизде улантылып жатканын билдирди.


Тектеш материалды окуу