
Жарыяланган
2026-09-11, 14:32Кыргызстанда кафе, ресторан, мейманкана, дарыкана жана дүкөндөр фискалдык программалык камсыздоого (ФПК) милдеттүү түрдө кошулат. Жаңы талаптар 2029-жылдын 1-февралына чейин алты этап менен киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Министрлер Кабинети 4-ноябрда тиешелүү токтом кабыл алган. Ага ылайык, ФПКга кошулуу мөөнөтү ишкананын түрүнө, аянтына, кардарларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө жана жайгашкан жерине жараша аныкталат.
Биринчи этап 2026-жылдын 1-августунан тартып Бишкек, Ош жана Манас шаарларында башталган. Анда 100дөн ашык отургуч орду бар же тейлөө залынын аянты 100 чарчы метрден ашкан кафе, ресторан, бар жана тез тамактануучу жайлар ФПКга кошулууга тийиш. Ошондой эле бир бренд 50дөн ашык жатуучу орду бар мейманканалар жана аянты 150 чарчы метрден ашкан мончолор менен сауналар камтылган.
Экинчи этап 2027-жылдын 1-февралынан башталат. Анда 80ден ашык отургуч орду бар же тейлөө залынын аянты 80 чарчы метрден ашкан коомдук тамактануу жайлары кошулат. Мындан тышкары, талап тармактык тамактануу жайларына, 50дөн ашык жатуучу орду бар мейманканаларга, май куюучу станцияларга жана аянты 150 чарчы метрден ашкан мончолор менен сауналарга жайылтылат.
Бул этап Бишкек, Ош, Манас, Токмок, Каракол, Балыкчы шаарларын жана Аламүдүн, Ысык-Көл, Чүй, Жайыл, Сузак, Кара-Суу, Сокулук райондорун камтыйт. Бирок биринчи этапта ФПКга кошулуу талабы киргизилген айрым ишканаларга бул талап кайрадан коюлбайт.
Үчүнчү этап 2027-жылдын 1-августунан башталат. Анда медициналык борборлор жана башка медициналык кызмат көрсөткөн мекемелер ФПКга кошулат. Ошондой эле базарлардан тышкары жайгашкан, аянты 50 чарчы метрден ашкан тиричилик техникасы, косметика жана атыр саткан дүкөндөр камтылат.
Төртүнчү этап 2028-жылдын 1-февралынан тартып дары-дармек жана медициналык буюмдарды саткан ишканаларга тиешелүү болот.
Бешинчи этап 2028-жылдын 1-августунан башталат. Анда соода залынын аянты 100 чарчы метрден ашкан дүкөндөр ФПКга кошулат.
Алтынчы, акыркы этап 2029-жылдын 1-февралынан башталат. Бул талап соода борборлорунда жайгашкан дүкөндөргө киргизилет. Бирок соода аралчалары, күркөлөр жана павильондор бул этапка кирбейт.
Үчүнчү этаптан алтынчы этапка чейинки талаптар да жогоруда аталган алты шаарда жана жети райондо колдонулат.
ФПК — сатууларды автоматтык түрдө каттап, фискалдык чек түзгөн программа. Ал соода тууралуу маалыматтарды түздөн-түз салык кызматына жөнөтөт.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын августуна чейин ФПКны колдонуу боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлгөн. Салык кызматынын маалыматына ылайык, программага кошулгандан кийин катышуучулардын орточо күндүк соода жүгүртүүсү өскөн.
ФПКга кошулуу боюнча кошумча маалыматты 0312 62-08-67 телефону аркылуу алууга болот.



