Akchabarsearch
Салык кызматкерлери 31,2 млн сомдук биологиялык активдүү кошумчаларды мыйзамсыз ташууну токтотту

Жарыяланган

2026-13-03, 12:41

Салык кызматкерлери 31,2 млн сомдук биологиялык активдүү кошумчаларды мыйзамсыз ташууну токтотту

Салык кызматкерлери биологиялык активдүү кошумчаларды мыйзамсыз алып келүүнү токтотушту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасынын тилкесинде жайгашкан “Ак-Тилек – автожолу” товарларды көзөмөлгө алуу пунктундагы жүк ташуучу унааны текшергенде, коштомо документтери жок биологиялык активдүү кошумчалар табылган.

Аныкталган товарлардын алдын ала баасы 31,2 млн сомду түзгөн.

Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди.


Тектеш материалды окуу