Akchabarsearch
Чоң-Кемин дарыясында 30 млн долларга чакан ГЭС куруу пландалууда

Жарыяланган

2025-19-09, 12:07

Чоң-Кемин дарыясында 30 млн долларга чакан ГЭС куруу пландалууда

Чүй облусундагы Чоң-Кемин дарыясында чакан ГЭС куруу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. 

Маалым болгондой, Токио шаарында энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты, "Япония-Кыргызстан" достук тобунун жетекчисинин орун басары Тошиаки Эндонун жолугушуусу болуп, анда энергетика тармагында кызматташуу, япониялык компаниялардын Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу маселелери талкууланган.

Талкууланган маселелердин катарында Чоң-Кемин суусунда салына турган кубаттуулугу 22 МВт болгон чакан ГЭС долбоору бар. Бул долбоордун үстүндө япониялык Muroosystem Corporation компаниясы иш алып барууда. 

Аталган чакан ГЭСти куруу боюнча макулдашууга президент Садыр Жапаровдун жакында Японияга боло турган сапарынын алкагында кол коюлат деп пландалууда. 

ГЭСти курууга алдын ала эсептөөлөр боюнча 4.4 млрд йен же 30 млн долларга жакын каражат керет.


Тектеш материалды окуу