Akchabarsearch
Чочко этинин импорту дээрлик 3 эсе өстү

Жарыяланган

2026-01-10, 12:19

Чочко этинин импорту дээрлик 3 эсе өстү

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга чет жактан 141.3 млн сомго чочко эти импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Жети айда өлкөгө жалпы 728.2 тонна чочко эт ташып келинген. Ал Кыргызстанга Россия (497.3 тонна) жана Казакстандан (230.9 тонна) импорттолгон.

2025-жылдын жети айына караганда быйылкысында чочко этинин импорту дээрлик 3 эсе же 470.9 тоннага көбөйгөн. Былтыр январь-июль айларында Кыргызстанга 257.3 тонна импорттолгон. 


Тектеш материалды окуу