Akchabarsearch
Чолпон-Ата менен Бостериде төрт теплоходдун ээсине айып пул салынды

Жарыяланган

2026-23-07, 10:28

Чолпон-Ата менен Бостериде төрт теплоходдун ээсине айып пул салынды

Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында атмосфералык абанын абалын көзөмөлдөө максатында 14 теплоход текшерилди.

Текшерүү Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында экологиялык талаптарды бузган 4 жаран аныкталып, аларга карата административдик протокол түзүлдү.

Ар бир мыйзам бузган жаранга 7 миң 500 сомдон айып пул салынып, жалпы айып пулдун суммасы 30 миң сомду түздү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мындай рейддер мындан ары да улантылып, экологиялык мыйзамдардын аткарылышы көзөмөлдөнөрүн билдирди.


Тектеш материалды окуу