
Жарыяланган
2026-23-07, 13:082026-жылдын алты айында Ысык-Көлдөн 50 миң метрден ашык эски синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы Кылычбек Тентимишевдин айтымында, былтыр бир жыл ичинде көлдөн 47 миң 500 метр эски тор алынган болсо, быйыл бул көрсөткүч жарым жылдын ичинде жетишитилди.
Ошондой эле министрлик тарабынан жыл башынан бери көлдөн 1 тонна 250 килограмм таштанды чыгарылган. Алардын арасында унаа дөңгөлөктөрү, амортизаторлор, спорттук шаймандар жана башка буюмдар болгон.
Тентимишев белгилегендей, тазалоо иштеринин натыйжасында Ысык-Көлдө балыктардын саны көбөйүп, алардын көлөмү да өсүп жатканы байкалууда. Ал эми көлдөн чыгарылган таштандылар топтолуп, Бишкек шаарындагы таштанды өрттөөчү заводго жеткирилип, жок кылынат.



