
Жарыяланган
2026-21-07, 16:22Чолпон-Ата шаарынын айланма жолунда асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, бул жолдун жалпы узундугу 15.64 чакырымды түзөт. Ал төрт тилкелүү болуп салынууда. Жеринде күн сайын 417 кызматкер жана 186 атайын техника иш алып барууда.
Учурда курулуш иштери негизги этаптардын бирине өтүп, асфальт төшөө иштери башталды. Аны менен катар жер төшөлмөсүн даярдоо, көпүрөлөрдү, суу өткөрүүчү курулмаларды жана тирөөч дубалдарды куруу, инженердик коммуникацияларды көчүрүү иштери уланууда.
Айланма жол салынгандан кийин шаарда жол тыгыны азаят.



