Akchabarsearch
Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушу жүрүүдө

Жарыяланган

2026-08-01, 12:12

Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушу жүрүүдө

Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Ысык-Көл көлүн экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Министр курулуш объектисинин негизги бөлүгүнөн тарта, насостук станциялардын курулушуна чейин карап чыгып, курулуш иштеринин мөөнөтүнө жана сапатына тыкыр көңүл буруу керектигин белгиледи.

Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталып, "China Road" жана "Алкаташ" компаниясы тарабынан аткарылууда. Долбоорго ылайык, суткасына 14,2 миң куб метр кубаттуулуктагы жаңы канализациялык тазалоочу станциянын арматура токуу иштери жүрүп жатат. Ал эми 12 насостук станциянын жер казуу иштери толук бүткөрүлүп, курулуштун кийинки этабы жүргүзүлүп жатат.

Долбоор ишке ашкандан кийин Чолпон-Ата шаарынын, Бостери, Бактуу-Долоноту жана Кара-Ой айылдарынын калкы, ошондой эле аталган калктуу конуштардын аймагында жайгашкан баардык пансионаттар, конок үйлөрү жана башка имараттар канализация системасына 100 пайыз кошулат. Бүгүнкү күндө Чолпон Атанын калкынын 30-40 пайызы гана канализация тутумуна кошулган.

Курулуш иштерин 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.


Тектеш материалды окуу