
Жарыяланган
2026-08-01, 17:54Социалдык тармактарда Бишкек шаарында курулуп жаткан “Алтай” турак жай шаарчасы боюнча видео тараган.
Анда пайдубал үчүн казылган жерлерге суу толуп калганы көрсөтүлүп, коомчулукта тынчсыздануу жаралууда.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги аталган объект боюнча курулуш иштери башталганга чейин мыйзам талаптарына ылайык инженердик-геологиялык жана инженердик изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн билдирди. Анын жыйынтыгында жер астындагы суулардын деңгээли алдын ала аныкталып, долбоордо тиешелүү инженердик чечимдер каралган.
Тактап айтканда, долбоордук документтерде дренаждык системаны куруу, жер астындагы сууларды чыгаруу жана аймактын инженердик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен турак жай имараттарын беш кабаттан ашырбоо чечими кабыл алынган. Бул чаралар курулуш коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Министрлик жарандарды “Алтай” шаарчасынын курулушу боюнча тынчсызданбоого чакырып, баары көзөмөлдө экендигин белгилейт.



