Akchabarsearch
    Чуңкурчакка барган жол асфальтталат

    Жарыяланган

    2025-08-08, 17:27

    Чуңкурчакка барган жол асфальтталат

    Быйыл Арашан – Чуңкурчак жолунун 22 чакырымы асфальтталып, Чуңкурчак эс алуу борборуна барган жол оңдолот. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. 

    Учурда аталган жолдо суу өткөргөн түтүктөрдү орнотуу, бак-дарактарды кыюу, жол негизин даярдоо жана кеңейтүү иштери жүрүүдө. Жолдун 6-18-чакырымындагы көпүрөлөрдүн реконструкциясы башталып, айдоочулар үчүн убактылуу айланма жол салынууда.

    Курулуш иштеринин алкагында 2 чоң көпүрө, 46 суу өткөрүүчү түтүк, жол өткөн айылдарда тротуар жана аялдамалар салынат.  Жумушту убагында бүткөрүү үчүн курулушка жакын жерде асфальт-бетон заводу орнотулууда. 

    Жол быйыл толугу менен асфальтталып, ишке берилет. 


    Тектеш материалды окуу