Жарыяланган
2025-08-08, 17:47Министрлер кабинети уюлдук телефондорду идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Токтомго ылайык, УКМК уюлдук телефондорду идентификациялоонун Мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун ээси жана координациялык органы болот. Ал эми телефондорду каттоо милдети "Кыргыз мобилдик каттоо борбору" компаниясына жүктөлөт.
Аталган токтом президенттин жарлыгынын негизинде иштелип чыккан. Ал коомчулуктагы нааразычылыкты азайтууга, Мамлекеттик санариптик технологиялык тутумун модернизациялоого жана натыйжалуулугун арттырууга, уюлдук телефондорду каттоо тартибин жөнөкөйлөтүүгө жана жарандардын жеке маалыматтарын ишенимдүү корголушун камсыз кылууга багытталган.