Akchabarsearch
Чунцин шаарында Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык борбору ачылды

Жарыяланган

2025-30-09, 18:16

Чунцин шаарында Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык борбору ачылды

Кытайдын Чунцин шаарында Экономика министрлигинин Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан “Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык борборунун” ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди. 

Анын ачылышка экономика министринин орун басары Султан Ахматов катышты.

Борбордун аянты 300 чарчы метрди түзөт. Бул борбор кыргыз-кытай бизнес-коомчулугу үчүн кызматташтык аянтчасы болуп саналат. Кыргыз ишкерлери борбордун аймагында өз компанияларын каттап, ишмердүүлүгүн акысыз жүргүзө алышат.


Тектеш материалды окуу