Жарыяланган
2025-30-09, 17:25Кыргызстанда Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы же “Түндүк” тиркемеси аркылуу айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырып алууга мүмкүн болот. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтом 30-сентябрда расмий жарыяланды. Эми он күндөн кийин же 10-октябрдан тарта күчүнө кирет.
Айдоочулук күбөлүктү мөөнөтү аяктаганда же жаран аты-жөнүн алмаштырганда, же болбосо айдоочулук күбөлүк сынып, же андагы сүрөт/жазуу өчүп, жараксыз болуп калганда, жоголсо онлайн алмаштырып алууга болот.
Документти онлайн алмаштыруу үчүн жаран Бирдиктүү идентификациялоо системасынан идентификациядан өткөн болушу керек. Азыр бере турган жаран наркологиялык, психикалык текшерүүдөн өткөн, көзүнүн көрүүсүн текшерткен болуп, аны тастыктаган медициналык документтер электрондук түрдө бар болушу керек. Аталган документтердин мөөнөтү 12 айдан ашпаган болушу шарт.
Айдоочулук күбөлүктү портал же тиркеме аркылуу онлайн алмаштыра турган жаран:
- фотоидентификациядан өтөт;
- онлайн азыр берет;
- арыз берип жатканда “Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу” же “Айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда аны калыбына келтирүү” кызматын тандайт;
- айдоочулук күбөлүктү почта аркылуу алдырта турган болсо, кайсы дарекке жеткирүү керектигин көрсөтөт (зарыл болсо);
- камеранын жардамы менен айдоочулук күбөлүк үчүн сүрөткө түшөт (фотоидентификация жол-жобосунан өтөт);
- айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жана алуу үчүн кызмат акыны төлөйт. Акча QR-кол аркылуу төлөнөт;
Арыз “Айдоочулук курамдын реестри” маалыматтык системасына жиберилет. Арыз кабыл алынгандан кийин ал тууралуу жаранга маалымат жөнөтүлөт.
Айдоочулук күбөлүк бир күндө, ашып кетти дегенде эки күндө даяр болот. Жаран айдоочулук күбөлүгүн почта аркылуу алдырса болот же өзү барып ала алат.