Жарыяланган
2025-30-09, 21:52Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда алдыда боло турган парламенттик шайлоо боюнча элге кайрылуу жасады.
Жапаров 25-сентябрда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алгандан кийин, парламенттик шайлоону 30-ноябрга белгилегенин айтты. Ал Жогорку Кеңешти таркатуу демилгесин колдоп берген депутаттардын баарына ыраазычылык билдирди.
"Сиздер алдыда калган бир жылдык депутаттык мөөнөтүңүздөрдү эмес, мамлекеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун ойлодуңуздар. Мамлекеттик деңгээлде мамлекетчил атуул катары ой жүгүртүңүздөр.
Себеби келечекте эки шайлоо ар беш жыл сайын бири-бирине учкашып өтсө, бул, биринчиден, БШК үчүн кыйынчылык жаратат, экинчиден, саясий стабилдүүлүккө залакасын тийгизиши мүмкүн.
Үчүнчүдөн, келерки жылы күздө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана көчмөндөр оюну бизде өтөт. Кыскасын айтканда “Тогуз толгоо” бир келип атат", - деди ал.
Жапаровдун айтымында, кээ бир саясатчылар же оппозициячылар аны бир жылдан кийинки президенттик шайлоого кам көрүп жатат деп ойлошу мүмкүн.
"Жок, туугандар. Мен эч бир депутаттан тарагыла деп суранган деле жокмун.
Мен 5 жыл мурун 80 пайыз элдин колдоосу менен өткөм. Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90 пайыз менен өтөм деп ишенем.
Анткени элдин колдоосу мурдагыдан да күч экенин сезип турам. Тек гана мындан ары узак мөөнөткө саясий стабилдүүлүк орногонуна кубанып жатам.
Эми кудай буюрса эки шайлоонун ортосу дайыма бир жарым жыл аралык менен өтүп турат", - дейт ал.
Сөзүн улай президент өлкөдө болгон 3 төңкөрүш тең шайлоолордон келип чыкканын айтты.
"3 жолу мамлекетибиз чачырап кетүү коркунучуна келип такалган. Анткени шайлоолор адилет өтчү эмес. Биринин добушун экинчисине кошуп, же болбосо аз добуш алган талапкердин добушун көбөйтүп, добуштарды сатып алып, айтор, бийлик башындагылар каалагандай шайлоолор өтүп келген", - деди ал.
Жапаров учурда өлкөдө шайлоо система санариптешкенин, мурункудай көрүнүштөр жоюлганын билдирди. Ал мындан ары шайлоолордо добуш саноодо жана жыйынтык чыгарууда бийлик эч кандай таасир этпей турганын убада кылды.
"Биз, бийлик тарап, таза шайлоо өткөргөнгө толук шарттарды түзүп бердик. Эми сиздер таза шайлап үйрөнүңүздөр. Добушуңуздарды сатпаңыздар. “Добуш сатып алам” деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Экинчи “добуш сатып алам” деп келбегидей кылыңыздар.
“Жол, мектеп, бала-бакча салып берем” же “асмандагы айды алып берем” дегендерге таптакыр ишенбеңиздер. Депутат деген эч нерсе куруп бербейт, депутат деген мыйзам жазат, анын аткарылышын көзөмөлдөйт, эл менен бийликтин ортосуна көпүрө болуп, округунда кандай көйгөйлөр болсо жеткирип келип, анын чечилишине кам көрөт", - деп, Жапаров татыктуу талапкерди шайлоого чакырды.
Ал алдыдагы шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин өзү көзөмөлдөй турганын билдирди.
"Эгер кайсы бир округда адилетсиз иштер жаралган болсо, БШКнын териштирүүлөрүнө жеке өзүм барып катышам же комиссия түзүп, ишенимдүү кишилеримди жиберемин. Ар бир иштин жыйынтыгын калыс чыгарабыз", – деди ал.