Akchabarsearch
Даяр болгон айдоочулук күбөлүктү өз убагында алып кетпегендердин документтери жок кылынат

Жарыяланган

2026-17-11, 15:20

Даяр болгон айдоочулук күбөлүктү өз убагында алып кетпегендердин документтери жок кылынат

Унааларды каттоо боюнча мамлекеттик борбор жарандарды даяр болгон айдоочулук күбөлүктөрүн өз убагында алып кетүүгө чакырат.

Мекеменин маалыматы боюнча, жарандардын даяр болгон айдоочулук күбөлүктөрү аларда 1 жыл сакталат. 

Бир жыл ичинде айдоочулук күбөлүктөрүн алып кетпегендердин документтери өкмөттүн №760 токтомуна ылайык акт түзүлүп, жок кылынат. Ошондуктан документти убагында алып кетүү керек.

"Эгерде айдоочулук күбөлүгүңүз даяр болгону тууралуу SMS билдирүү келбесе, тиешелүү бөлүмгө кайрылып, адистерден тактап алсаңыз болот", - деп билдирет мекеме. 


Тектеш материалды окуу