Akchabarsearch
Министр: Ош - Өзгөн - Жалал-Абад жолун кеңейтүү иштери 2028-жылы башталат

Жарыяланган

2026-17-11, 17:46

Министр: Ош - Өзгөн - Жалал-Абад жолун кеңейтүү иштери 2028-жылы башталат

Ош - Өзгөн - Жалал-Абад жолун кеңейтүү иштери 2028-жылы башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 17-ноярдагы жыйынында транспорт министри Талантбек Солтобаев билдирди.

Жыйында депутат Азамжан Жалилов буга чейин Ош - Өзгөн жолун төрт тилкелүү кылуу тууралуу айтылганын, ал иштер 2027-жылы башталып-башталбай турганын сурады.

Транспорт министри Талантбек Солтобаевдин айтымында, Ош - Өзгөн - Жалал-Абад жолун реконструкциялоо боюнча азыр Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Алдыда алар долбоорлоо, техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо иштерин баштайт.

"2027-жылы долборлоону аяктап, бюджетин аныктасак, 2028-жылы курулуш иштерин баштоону пландап жатабыз", - деди ал. 


Тектеш материалды окуу