
Жарыяланган
2026-17-11, 17:13Депутат Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңештин 17-ноябрындагы жыйынында Бишкек мэриясына автобус сатып алууга 3 млрд сом берүүнү сунуштады.
Анын айтымында, аталган акчага жаңы автобустар алынса, алар шаардагы тыгын маселесин азайтууга жардам бермек.
Сөзүн улай ал алына турган автобустардын бир бөлүгүн окуучуларды ташыганга мектеп автобусу кылып берүү керектигин билдирди. Бул да жол тыгындарын азайтууга өбөлгө түзөт. Себеби азыр күнүнө 70-80 миң ата-эне унаалары менен балдарын мектепке жеткирип турат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекке бюджеттик ссуда берүү маселесин келерки жылы карап көрө турганын айтты.
Мэр Айбек Жунушалиев алар автобустарды сатып алууга өздөрүнүн бюджетинен 500 млн сом карап жатканын, депутат айтып жаткан сунушту да колдой турганын билдирди.



