Akchabarsearch
Депутат бийик тоолуу аймактар үчүн электр энергиясына өзгөчө режим киргизүүнү сунуштады

Жарыяланган

2026-14-01, 11:03

Депутат бийик тоолуу аймактар үчүн электр энергиясына өзгөчө режим киргизүүнү сунуштады

Депутат Нурланбек Азыгалиев бийик тоолуу аймактар үчүн электр энергиясына өзгөчө режим киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, электр энергиясынын кубаттуулугун чектөө боюнча чечимди кайра карап чыгуу зарыл.

«Электр энергиясынын кубаттуулугу 3 кВтка чейин чектелген. Бул чара энергетикалык системаны коргоо максатында кабыл алынган. Бирок ал бийик тоолуу аймактар үчүн абдан оор болууда. Суусамыр өрөөнүндө кыш мезгилинде абанын температурасы -45тен -50 градуска чейин төмөндөйт. Мындай шартта электр энергиясы тиричилик үчүн гана эмес, адамдын жашоосу үчүн түздөн-түз маанилүү фактор болуп саналат. 3 кВт чектөөсү менен үйлөрдү жана социалдык объекттерди жылытуу мүмкүн эмес. Көмүр кымбаттап, мектептер жабылуу коркунучуна кабылып жатат. Ошондуктан бийик тоолуу, суук аймактар үчүн электр энергиясына өзгөчө режим киргизүү керек», — деди депутат.


Тектеш материалды окуу