
Жарыяланган
2026-13-10, 14:15Кытай жарандары Кыргызстанга өз унаасы менен келип жүрөт, биздин жарандар Кытайга өз унаасы менен бара алабы? Мындай суроо менен депутат Медина Кайрылбекова Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнө кайрылды.
Кыргызстандын Гуанчжоудагы башкы консулу Эрнист Жаманкуловдун айтымында, Кыргызстандын жарандары Кытайда кыргызстандык номер менен жүрө албайт. Ошондой эле Кытайда Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгү жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөр таанылбайт. Бирок чет элдиктер, анын ичинде кыргыз жарандары өз айдоочулук күбөлүгүн көрсөтүп, Кытайда тест тапшырып, аны Кытайдын айдоочулук күбөлүгүнө алмаштыра алат.
"Ал тест оңой эле экен. Тестти тапшыргандан кийин айдоочулук күбөлүк алты айдан 6 жылга чейин берилет", - деди ал.
Тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу Эрнист Жаманкуловдун сөзүн толуктап, кыргыз жарандары Кытайга өз унаалары менен кире аларын, бирок коңшу өлкөгө кирип жатканда, Кытайдын убактылуу номерин алышы керектигин билдирди.
"Аларда биздикиндей эле №10 регион дегендей номерин алса болот. Ал эми айдоочулук күбөлүгүн жанагыдай тест тапшырып алмаштыра алып, өз унаасы менен жүрө алат. Бирок Кытайга кирүүдө бюрократиялык тоскоолдуктар аябай көп. Биздин унаалар киргенге бир аз оор. Бирок кирип жүргөндөр бар", - деди ал.
Ал билдиргендей, Кытай жарандары Кыргызстанга келип жатканда, бажыдан "убактылуу киргизүү" деген жол-жободон өтүп, кирүүдө. Ошентип алар транзит номер албастан, өз номери менен жүрүшүүдө.
Сейтек Жумакадыр уулу сөзүн улай Кыргызстан айдоочулук күбөлүк боюнча Вена конвенциясын, Кытай Женева конвенциясын тааный турганын, ошондуктан, эки өлкө бири биринин айдоочулук күбөлүктөрүн тааныбай турганын билдирди. Бул боюнча алар тиешелүү мекемелерге кайрылып, кат жолдогон. Учурда алар бул маселени карап жатат.



