Akchabarsearch
Кыргызстандын 230 айыл аймагынын ар биринде ветеринардык клиника ачуу пландалууда

Жарыяланган

2026-13-10, 14:52

Кыргызстандын 230 айыл аймагынын ар биринде ветеринардык клиника ачуу пландалууда

Эки-үч жыл ичинде Кыргызстандын 230 айыл аймагынын ар биринде ветеринардык клиника ачуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин финансы комитетитин көчмө жыйынында айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу билдирди.

Жыйында депутат Камила Талиева ветеринардык кызматты күчтөө, өлкөдөгү ветеринардык лабораториялардын көбү эски болгондуктан, аларды жаңылап, заманбап жабдуулар менен камсыздоо, жаңы лабораторияларды салуу маселесин көтөргөн. 

Илич Марсбек уулунун айтымында, алардын программасында ветеринардык тармакты өнүктүрүүгө 2.7 млн доллар каралган. Анын бир бөлүгү жеке ветеринарларга керектүү шаймандарды алып берүүгө, бир бөлүгү ветеринардык лабораторияларга заманбап жабдыктарды алууга жумшалат. Азыр өлкөдө 19 ветеринардык лаборатория бар.

Ошондой эле Дүйнөлүк банктын ""Бирдиктүү ден соолук" деген долбоорунун алкагында жанагы 19 лабораториянын шаймандары, жабдыктары жаңыртылат. Бул долбоор 2027-жылы ишке ашырыла баштайт.    

Илия Марсбек уулу аларда өлкөдөгү ветеринардык лабораторияларды эл аралык деңгээлге жеткирүү, аккредитациядан өткөрүү боюнча пландары бар экенин айтып өттү.

"Өлкөдөгү 230 айыл болсо, эки-үч жылда анын ар бирине ветеринардык клиника ачуу пландалууда", - деди ал.

Ал ветеринардык клиникаларда биринчи кароо, алгачкы анализдер жүргүзүлөт. 


Тектеш материалды окуу