
Жарыяланган
2026-13-10, 13:25Кыргызстанда чет өлкөлүк унаалар алты айдан ашык убактылуу каттоодо тура албайт. Мөөнөттү кайра эсептөө үчүн унаа Кыргызстандын аймагынан тышкары кеминде 30 күн болушу керек.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 12-октябрында кол койгон №688 токтомдо айтылат.
Документке ылайык, унаалар тууралуу маалыматтар электрондук базага киргизилет. Эгер убактылуу каттоонун мөөнөтү аяктап, унаа өлкөдөн чыгарылбаса, бул тууралуу маалымат ички иштер органдарына жана чек ара кызматына автоматтык түрдө жөнөтүлөт.
Жаңы тартип мамлекеттик органдардын ортосунда электрондук маалымат алмашууну да карайт. Муну менен 2025-жылдын май айында бекитилген мурдагы тартип күчүн жоготот.



