
Жарыяланган
2026-22-07, 11:47«Кепилдик фонд» ААКсы ишке киргизген «Унаа» кепилдик программасы аркылуу 296 жаран автоунаа сатып алууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Маалыматка ылайык, берилген кепилдиктердин 142си 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында берилген. Бул жеңилдетилген автокредитке кызыккандардын саны көбөйүп жатканын көрсөтөт.
«Унаа» кепилдик продуктусу баштапкы төлөм үчүн жарандын өз каражаты жетишсиз болгон учурда банкка кепилдик берүү аркылуу мамлекеттик жеңилдетилген автокредит алууга жардам берет.
Программа аркылуу жарандар Кыргызстанда чыгарылган автоунааларды жеңилдетилген шартта сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.



