
Жарыяланган
2026-26-11, 10:33Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев дарыгерлердин кагаз толтуруу ишин жеңилдетип жана тездетүү үчүн жасалма интеллект киргизүүнү сунуштады.
Анын айтымында, азыр бейтапканаларга барсаң, узун кезекти көрөсүң, киши көп. Ал кезек дарыгер бейтапты караганга караганда кагаз толтурганга көбүрөөк убакыт короткону үчүн болууда.
"Дарыгер бир бейтапты 10 мүнөттө караса, кагазды 20 мүнөт толтурат", - дейт депутат.
Бекешевдин айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлер үчүн жасалма интеллект киргизсе жакшы болмок. Дарыгер кагаз толтуруп отурбай, жасалма интеллекттин жардамы менен үн аркылуу кагазды толтура бермек: дарыгер сүйлөсө, жасалма интеллект аны текст кылып чыгарып бермек.
Маалыматтардын коопсуздугу үчүн жасалма интеллекттин сервери министрликте сакталмак.



