Akchabarsearch
"Коопсуз шаар": Эреже бузган айдоочулар 2.4 млрд сомдон ашык айыппул төлөдү

Жарыяланган

2026-26-11, 09:00

"Коопсуз шаар": Эреже бузган айдоочулар 2.4 млрд сомдон ашык айыппул төлөдү

Жол эреже бузуп, "Коопсуз шаардын" камераларына түшүп калган айдоочулар 2026-жылдын он айында бюджетке дээрлик 2 млрд 422.6 млн сом айыппул төлөдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.

2025-жылдын он айына караганда быйылкысында ушул айыппулдардан түшкөн акча 1 млрд 119.1 млн сомго көбөйгөн. Былтыр он айда өлкө казынасына 1 млрд 303.4 млн сом түшкөн.

Эскерте кетсек, буга чейин өкмөт ушул айыппулдардан бюджетке түшкөн акчанын 50%ы Саламаттык сактоо министрлигине берилсин деген чечим кабыл алган. Ал акча тез жардам унааларды жана аларга керектүү жабдыктарды сатып алууга жумшалат.
 


Тектеш материалды окуу