
Жарыяланган
2026-25-11, 17:56Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү максатында дарыя жээгинде жана токой аймактарында туристтик объектилерди куруу шарттарын жеңилдетүү сунушталууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Учурда айрым дарыялардын жээгинде 100 метрге чейинки аралыкта курулуш жүргүзүүгө чектөө коюлган. Эми дарыядан 25 метр аралыкта жеңил конструкциядагы туристтик объектилерди курууга уруксат берүү сунушталууда. Бирок ишкерлер экологиялык талаптарды сактап, саркынды сууларды тазалоочу жабдууларды орнотууга милдеттүү болушат.
Мындан тышкары, токой аймактарында туристтик объектилерди курууда компенсация төлөө тартибин өзгөртүү каралууда.
Кубатовдун айтымында, учурда компенсациянын көлөмү туристтик бизнес үчүн өтө жогору. Эми компенсацияны ижарага алынган жердин жалпы аянтына эмес, курулуш жүргүзүлө турган бөлүгүнө гана эсептөө боюнча Токой кызматы менен макулдашылды. Ошондой эле аны үч жыл ичинде бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү каралууда.
Ошол эле учурда токой аймактарында иш жүргүзгөн ишкерлерге төмөнкү талаптар коюлат:
• жер тилкесин туристтик максатта гана пайдалануу;
• токой аянтын өз каражатынын эсебинен 25%га көбөйтүү;
• туристтик объекттин эки тарабындагы 500 метр аралыктагы аймакты таза кармоо.
Бул өзгөртүүлөр ишкерлердин чыгымдарын азайтууга, туризмди өнүктүрүүгө жана жаратылышты сактоого багытталган.



