
Жарыяланган
2026-06-10, 16:21Фермер сүттү арзан өткөрөт, дүкөндө 2-3 эсе кымбат сатылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Камила Талиев билдирди.
Анын айтымында, Айыл чарба министрлиги Таластагы фермелер сүттү 40 сомго чейин, Ысык-Көлдөгү фермерлер 50 сомго чейин өткөрүп жатышканын билдирүүдө. Бирок ошол эле сүттү эл дүкөндөрдөн 2-3 эсе кымбат сатып алууда.
"Фермер сүттү арзан тапшырып жатат. Аны - сүттү сүттөй кылып жасаш үчүн фермер эмне деген түмөн түйшүк тартат. Ушул жерден Айыл чарба министрлиги жакындан жардамга келишиңиздер керек. Эми 40 сом деген... Бүгүнкү күнү 1 литр суунун баасы канча экенин билесиздер да?!", - деди ал.
Анын айтымында, сүттүн баасы боюнча маселеде мунаса болуш керек: сүт тапшырган фермерди да, аны кайра иштеткен ишканаларды да ойлоо керек.
"Эл сүттү кымбат алабыз, фермер арзан тапшырат, ортодо ортомчулар эле жыргап жатат", - деди ал.



