
Жарыяланган
2026-06-10, 17:512026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 532 млн сомго жүгөрү импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Жети айда өлкөгө 2688.8 тонна жүгөрү импорттолгон. Ал Кыргызстанга 15 өлкөдөн ташып келинген.
2025-жылдын январь-июль айларына караганда быйылкысында импорт дээрлик эки эсе же 1297.1 тоннага көбөйгөн. Былтыр жети айда 1391.7 тонна жүгөрү ташып келинген.



