Akchabarsearch
Мыйзам долбоору: Бир бакты кыйган, беш көчөт отургузсун

Жарыяланган

2026-06-10, 18:19

Мыйзам долбоору: Бир бакты кыйган, беш көчөт отургузсун

Бак кыйгандарды ар бир кыйылган дарактын ордуна бештен көчөт тигүүгө милдеттендирүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Улукбек Карыбек уулу, Жаныбек Абиров жана Умбеталы Кыдыралиев тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Дастан Бекешевдин айтымында, азыр дарак кыйгандар айыппулга жыгылат, бирок кыйылган бактын ордуна эч нерсе тикпейт. 

Ошондуктан аларды ар бир кыйылган бак үчүн бештен көчөт отургузууга милдеттендирүү сунушталууда. Андан тышкары жаңы тигилген көчөттөрдү үч жыл бою багышы керек болот. 


Тектеш материалды окуу