Akchabarsearch
Депутат: Камчы Көлбаевдин "Барашек" рестораны кимге өткөн?

Жарыяланган

2026-01-10, 11:33

Депутат: Камчы Көлбаевдин "Барашек" рестораны кимге өткөн?

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин "Барашек" рестораны кимге өткөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 1-октябрдагы жыйынында депутат Исманали Жороев собол салды.

Жыйында ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилерине кайрылып, "шаардагы "Барашек" рестораны кимге өтүп кеткен, сатылганбы же сиздерде турабы?" деп сурады.

Аталган агенттиктин директорунун биринчи орун басары Замирбек Кененбаев депутат кайсы "Барашекти": Бишкектегиниби же Чолпон-Атадагыныбы сурап жатканын тактады.

Депутат Бишкектегини да, Чолпон-Атадагыны да сурап жатканын айтты.

Замирбек Кененбаевдин айтымында, Бишкектеги "Барашек" агенттиктин карамагына өткөн эмес, Ысык-Көлдөгү гана өткөн.

"Ысык-Көлдөгү "Барашекти" аукцион аркылуу сатканбыз. Биз сатып алган жарандарды билбейт экенбиз", - деп ал имарат электрондук аукцион аркылуу сатылгандыктан, аны алган киши купуя бойдон каларын айтты. 


Тектеш материалды окуу