
Жарыяланган
2026-20-05, 10:58Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 100 сомго жетейин деп калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков билдирди.
Бензин-солярканын баасы кымбаттаса, башка товарлар да кескин кымбаттай турганын кеп кылган депутат анын сыңары азыр азык-түлүк кымбаттап жатканын айтты.
Чойбеков буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдө баалар көтөрүлө турганын сөз кылганын айтып, эгер, өкмөт баалар көтөрүлө турганын билип турса, анда бул багытта “кандай иштерди алып барып жатат?” деген собол салды.
Депутат бензин-солярка өнөктөш өлкөлөрдөн келерин, Кыргызстан ал жактагы бааларга таасир эте албасын, бирок өкмөт алар менен сүйлөшүү жүргүзүп, бааларды турукташтыруу боюнча иш алып барышы керектигин айтты.
Ошондой эле ал өкмөт өлкөдөгү азык-түлүктүн баасын көзөмөлгө алышы зарыл экенин билдирди.



