
Жарыяланган
2026-20-05, 12:13Социалдык фонд үчүн бардык пенсионерлер бирдей, министр же дыйкан болгон деп бөлбөйт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Соцфонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда пенсиялык система камсыздандыруу принциптерине ылайык иш алып барат. Ага ылайык, жаран убагында Соцфондго канчалык көп акча которгон болсо, кийин ошончо көп пенсия алат.
“Биз үчүн министрби, айыл чарба тармагында иштеген адамбы же үйүндө отурган кожойкеби, бардык пенсионерлер бирдей. Эч кимди бөлбөйбүз”, - дейт ал.
Мукамбетов Соцфондго айына 6 сом которгон адам менен жалгыз өзү 50-60 кишини пенсия менен камсыздай тургандай акча которгон адамды салыштырууга болбойт.
Ал билдиргендей, камсыздандыруу принциптери сакталбай, Соцфондго көп акча которгон адам, кийин ошого жараша пенсия албаса, анда жарандар айлыгын аз көрсөтүп, “кийин баары бир бирдей пенсияга чыгам” деген ойдо калып, камсыздандыруу төгүмдөрүн көп төгүүгө кызыктар болбойт
“Ар бир жаран келечекте ала турган пенсиясына азыртадан кам көрүшү керек”, - дейт ал.



