
Жарыяланган
2026-04-03, 12:16Депутат Бактыяр Калпаев Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттү көбүрөөк бала бакча салууга чакырды.
Депутаттын айтымында, учурда Кыргызстан өнүгүү жолуна түшүп, экономикада жакшы жыйынтыктар байкалууда.
"Анын натыйжасында өлкөдө көптөгөн курулуштар жүргүзүлүп, 2025-жылы 76 жаңы мектептин курулушу башталганы жакшы көрүнүш экенин баса белгилеп кетким келет", - деди ал.
Ошол эле учурда ал мамлекет бала бакча курууга өзгөчө көңүл бурушу керектигин белгиледи.
Ал быйылдан тартып бала бакчаларды мектеп сыяктуу массалык түрдө салууну суранды. Болбосо Бишкекте, Ошто, айрыкча аймактарда бала бакчанын жетишсиздиги орчундуу маселе экенин айтты.



