
Жарыяланган
2026-04-03, 14:21Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталынды айтылат.
Күйүүчү май сатып алуу үчүн 28 млн 91 миң сом бөлүнөт. Анын 12 млн 285 миң сомуна түштүк регионго, 15 млн 806 миңине түндүк регионго алынат.
Тендерге катышууну каалагандар 9-мартка чейин арыздарын тапшыра алат. Товарды жеткирип берүүнүн мөөнөтү келишим түзүлгөндөн кийин аныкталат.



