Akchabarsearch
Депутат: Мугалимдер айлык акы коэффициенттерин теңдештирүүнү суранууда

Жарыяланган

2026-23-04, 10:50

Депутат: Мугалимдер айлык акы коэффициенттерин теңдештирүүнү суранууда

Мектеп жана кесиптик лицейлерде иштеген мугалимдер айлык акы коэффициенттерин теңдештирүүнү суранууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Токтобүбү Ашымбаева билдирди. 

Депутат апрель айынан тарта мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп жатканын белгилеп, мугалимдер айлык акыны эсептөөдө колдонулган коэффициенттер боюнча кайрылып жатканын айтты. 

Ал билдиргендей, 2022-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөндө, жанагы коэффициенттер бирдей болбой калган. Ага байланыштуу мугалимдердин айлык акысында айырмачылыктар болгон, бири көп, бири аз алып калган. 

Эми мугалимдер бул ирет айлык көтөрүлгөндө, коэффициенттер теңдештирилбесе, анда айлыктарынын ортосундагы айырмачылык өтө чоң болуп калат деп тынчсызданууда.

Мындан тышкары кесиптик лицейлерде иштеген мугалимдер депутатка кайрылып, алардын коэффициенттери мектептеги мугалимдердикинен аз экенин айтып, коэффициентти көбөйтүү маселесин көтөрүшкөн. 

Депутат аталган маселе боюнча министрликке протоколдук тапшырма берип, маалымат алууну суранды. 
 


Тектеш материалды окуу