
Жарыяланган
2026-15-09, 19:18Окуучуларга бекер берилсин деген китептер базарда сатылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, бюджеттен мектеп окуучуларын бекер китеп менен камсыз кылуу үчүн 600 млн сом бөлүнгөн. Бул акчага китептер "Учкун" басмаканасынан басылып чыккан. Эми окуучуларга бекер берилсин деген китептер базарларда сатылып жатат.
Депутаттын өзү "Дордой" базарынан 3-класстын математика китебин 650 сомго сатып алган. Китептин өзүндө "Сатууга болбойт" деп жазылган.
"Мектепте бир китеп жок", - дейт депутат.
Ал бирөө китептерди "Учкундан" алып, базарда сатып жатканын айтып, бул жерде коррупция бар экенин билдирди.



