
Жарыяланган
2026-15-09, 18:15Нарындын Ат-Башы районундагы узундугу 15 чакырым болгон Чар – Ак-Муз жолу толугу менен асфальтталды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, буга чейин жолдун 6.2 чакырымына асфальт басылса, быйыл калган 7.8 чакырымына асфальт төшөлдү.
Эми Бишкек – Нарын – Торугарт жолунан Ак-Муз айылына чейинки жолдун бардык бөлүгүндө асфальт төшөө иштери аяктады.
"Жолдун асфальтталышы менен жергиликтүү тургундар үчүн каттамды үзгүлтүксүз жана ыңгайлуу жүргүзүүгө шарт түзүлүп, айдоочулардын жол жүрүүсү да жеңилдеди. Ошондой эле жолдун транспорттук абалы жакшырып, Чар–Ак-Муз айылынын район борбору жана башка калктуу конуштар менен байланышы жакшырды", - деп айтылат маалыматта.



