Akchabarsearch
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жыл аягына чейин медициналык маалымкатсыз алмаштырууга болот

Жарыяланган

2026-15-09, 17:15

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жыл аягына чейин медициналык маалымкатсыз алмаштырууга болот

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүгүн 2026-жылдын аягына чейин алмаштыра тургандар үчүн 083 үлгүсүндөгү медициналык маалымкат талап кылынбайт. Бул тууралуу Унааларды каттоо боюнча мамлекеттик борбор билдирди. 

Аталган мекеменин маалыматы боюнча, жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлбөгөн айдоочулук күбөлүгүн алмаштыра тургандар документи санариптештирилген болсо, арызды "Түндүк" тиркемеси аркылуу, ал эми санариптештирилбеген болсо, Унааларды каттоо борборунун бөлүмдөрүнө барып, арыз тапшырат. Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн 1 миң 389 сом мамлекеттик алым төлөш керек.

Эскерте кетсек, буга чейин мамлекеттик органдар мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрду алмаштырбаса, алар 2027-жылдан тарта жараксыз болуп каларын кабарлаган.


Тектеш материалды окуу