Akchabarsearch
Риелторлордун ишин көзөмөлгө алуу пландалууда

Жарыяланган

2026-15-09, 16:05

Риелторлордун ишин көзөмөлгө алуу пландалууда

Жогорку Кеңештин Финансы комитети риелтордук менен алектенгендердин ишин көзөмөлгө алууну караштырган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Аталган мыйзам долбоору менен үй, жер сатууда, сатып алууда ортомчулук кылып иштеген жарандарды сөзсүз сертификат алып жана каттоого туруп иштөөгө милдеттендирүү сунушталууда. 

Сунушка ылайык, каттоосуз иштеген жарандар 1 миң сом, юридикалык жактар 5 миң сомго айыпка жыгылат. Риелтордук иштин эрежелерин бузган жарандарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 6 миң сом айып салынат.

Мыйзам долбооруна ылайык, риелтор болуп иштегендер жарнама берүүдө так эмес же кишилерди алдап-адаштырган маалыматтарды чыгарбаш керек болот. Болбосо айыпка жыгылат.  
 


Тектеш материалды окуу