Akchabarsearch
Депутат салыкчылардын саны эмнеге кыскартылып жатканын сурады

Жарыяланган

2026-23-06, 16:29

Депутат салыкчылардын саны эмнеге кыскартылып жатканын сурады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тармактык комитеттин жыйынында салык кызматкерлеринин санын кыскартуу боюнча маселе көтөрдү. 

Ал билдиргендей, ага салыкчылар кайрылып, азыр санариптештиртүү жүрүп жатканы менен анын ишинде көптөгөн каталар болуп жатканын айтышуда. Депутат аларга “жумуш таап берсе болбойбу?” деген собол салды. 

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков өкмөт салык кызматкерлеринин санын кыскартуу тууралуу чечим кабыл алганын, себеби айрым кызматтардын аткарган ишинин мааниси жоголгонун билдирди. Маселен, салык төлөөчүлөрдү издөө бөлүмү: азыр салык төлөй турган адамдарды басып издеп жүргөн кызматкерлер керек болбой калды. 

Ал белгилегендей, азыр 500 кызматкер кыскартылып жатса, анын 407и кызматкерлер болсо, 93ү техникалык персонал.

Ысабеков салыкчылардын саны кыскарганы менен ал салык чогултууга жана коюлган планды аткарууга эч таасир этпей турганын айтты. 


Тектеш материалды окуу