Akchabarsearch
Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода-сатыкты 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөп жатат

Жарыяланган

2026-23-06, 18:07

Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода-сатыкты 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөп жатат

Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара соода-сатыкты 2 млрд долларга чейин жеткирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын Ысык-Көлдөгү жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. 

Касымалиев Кыргызстан Өзбекстан менен соода-экономикалык тармакта кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин, эки өлкөнүн өз ара соодасы тынымсыз өсүп жатканын белгиледи.

“2025-жылдын аягына чейин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода жүгүртүү 1 млрд доллардан ашып, бул 2024-жылга салыштырмалуу 19%га өстү. Акыркы беш жылдын ичинде эки эсе өскөнүн баса белгилегим келет. Биз биргелешип алдыга амбициялуу, аткарыла турган максатты койдук, 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү”, — деди ал. 

Эскерте кетсек, жыйын Адылбек Касымалиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында өттү. 


Тектеш материалды окуу