
Жарыяланган
2026-02-09, 12:14Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Чотонов Талас облусунда төө буурчак өстүргөн дыйкандардын маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, Таласта төө буурчак жыйнала башталганы менен кабыл алуу пункттары азыркыга чейин ачыла элек. Ага кошо төө буурчактын баасы коюла элек.
"Тиешелүү министрликке төө буурчакты кабыл алуу пункттарын ачууну жана анын баасын коюп берүүнү тапшыруу керек. Анткени Талас облусунун элинин караганы, негизги кирешеси төө буурчактан болгондуктан, бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу зарыл", - дейт депутат.



