Akchabarsearch
Кыргызстан Пакистан аркылуу жаңы соода багытын ачышы мүмкүн

Жарыяланган

2026-02-09, 12:13

Кыргызстан Пакистан аркылуу жаңы соода багытын ачышы мүмкүн

Ирандын Бандар-Аббас порту аркылуу жүк ташуулар токтогондуктан, Кыргызстан Пакистан менен сооданы көбөйтүү жана Карачи портун альтернативдүү багыт катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан, Казакстан, Кытай жана Пакистандын ортосунда Алматы–Карачи багыты боюнча транзиттик келишим бар. Бирок азыркы келишимге ылайык, кыргыз тарап бул каттамда Торугарт ашуусун гана пайдалана алат жана жүктөр контейнер менен ташылышы керек.

Пакистанга жетүү үчүн Кыргызстан тараптан чек арага чейин болжол менен 700 чакырым жол бар. Каттам Пакистандын түндүгүндөгү Гилгит аймагы аркылуу өтөт. Бул жерде тоолуу ашуулар күз жана кыш мезгилдеринде тез-тез жабылып калат.

Мындан тышкары, кыргызстандык ташуучулар бул аймакка кирүүдө коопсуздук маселесин тобокелдик катары белгилешүүдө. Ошол эле учурда Пакистандын Улуттук логистикалык компаниясы Бишкек жана Алматы багытында жүк ташууларды уюштурууга кызыкдар экенин билдирген.

Такировдун айтымында, Ооганстан менен Пакистандын чек арасынын жабылышы Пакистан аркылуу өткөн транзиттик жүктөрдүн көлөмүнө да таасирин тийгизди. Мындай шартта Кыргызстан менен Пакистан үчүн жаңы транспорттук жана соода келишимдерин түзүү өз ара кызыкчылык жаратууда.
 


Тектеш материалды окуу