Akchabarsearch
Пакистандан ташылып келе жаткан 21 тонна уй эти Кыргызстанга киргизилген жок

Жарыяланган

2025-25-12, 14:53

Пакистандан ташылып келе жаткан 21 тонна уй эти Кыргызстанга киргизилген жок

Пакистандан ташылып келе жаткан 21 тонна уй эти Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүк Нарын облусундагы «Торугарт» чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайынынын инспеторлору тарабынан текшерилди. Анын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды. 

Аталган жүккө тиешелүү ветеринардык коштоочу документтер белгиленген талаптарга жооп бербейт, ошондой эле жүктү ташуу учурунда ветеринардык-санитардык эрежелер бузулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында инспекторлор тарабынан жүктү артка кайтаруу боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, товар «Торугарт» чек ара көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра артка жөнөтүлдү.


Тектеш материалды окуу