
Жарыяланган
2025-05-12, 09:22Президент Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон мамлекеттик сапары аяктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен тар жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда эки жактуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика, инфраструктура жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү жаатында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Мамлекет башчынын сапарынын алкагында Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен тар жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү, транспорттук- логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери талкууланды.
Садыр Жапаров Пакистанга болгон мамлекеттик сапарын аяктап, 4-декабрда Бишкек шаарына кайтты.



