Akchabarsearch
Депутат тыгын боюнча: Борборду көчүрүш керек же жол түйүндөрүн салыш керек

Жарыяланган

2026-18-11, 17:29

Депутат тыгын боюнча: Борборду көчүрүш керек же жол түйүндөрүн салыш керек

Жогорку Кеңештин 18-ноябрдагы жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев борбор калаадагы жол тыгын маселесин чечүү үчүн Бишкек мэриясына жол түйүндөрүн салууну сунуштады.

Депутаттын айтымында, ал жакында эле Ош шаарына барып, бир жол кесилишинде салынган эстакадалык көпүрөнү көрүп келген. Бишкектеги жол тыгынды азайтыш үчүн андай эстакадалы көпүрөлөрдү Абдрахманов менен Түштүк Магистралдын кесилишинде, Абдрахманов менен Чүйдүн жана башка кесилиштерге салса болот.

Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, Бишкекте да андай жол түйүндөрү Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде салынууда. Келерки жылы Түштүк Магистралдын колдонуу мөөнөтү аяктайт. Ал жакта курулуш иштери башталганда, депутат айткан жол түйүндөрү да салынат.

Сыдыгалиев андай жол түйүндөрү салынбаса, Бишкектеги тыгын маселесин чечүүгө болбой турганын айтты.

"Болбосо борбор калааны башка жакка көчүрүш керек. Ошондо маселе чечилет", - деди депутат.

Депутат Бишкектеги азыркы жол тыгыны шаардын борбор жагына көп кабат үйлөрдү салууга уруксат берген архитекторлордун күнөөсү экенин билдирди.

"Бизде шаардын борборуна көп кабат үйлөрдү салганга уруксат беришкен", - деди ал.

Сөзүн улай Сыдыгалиев курулуш компаниялары көп кабат үйлөрдү жолу салынган, суу, канализациясы тартылган жерлерге салып алганын айтты. 


Тектеш материалды окуу