Akchabarsearch
Заводдук номерлери өзгөртүлгөн унаалар аныкталып, бюджетке 4.85 млн сом өндүрүлдү

Жарыяланган

2026-18-11, 18:15

Заводдук номерлери өзгөртүлгөн унаалар аныкталып, бюджетке 4.85 млн сом өндүрүлдү

«Түндүк-Чыгыш» бажысы заводдук номерлери өзгөртүлгөн жүк ташуучу унааларды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Мекеменин укук коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жүк ташуучу унааларды текшерүү учурунда «М.», «Б.М.» жана «С.Л.Т.Д.» аттуу үч компания тарабынан бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктаган.

Жалпы беш жүк ташуучу унаа - бир Shacman, үч HOWO жана бир Sitrak унаасы текшерилип, экспертизанын жыйынтыгы менен алардын бардыгында кузовдордун жана шассилердин заводдук номерлери өзгөртүлгөндүгү белгилүү болгон.

Мындан тышкары, бажы документтеринде унаалардын чыгарылган жылдары башка болуп көрсөтүлгөн.

Топтолгон материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, жыйынтыгында бюджетке 4.85 млн сом өндүрүлдү.


Тектеш материалды окуу