
Жарыяланган
2026-07-10, 11:10Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу төшөктө жатып, дайыма кароого муктаж болгон кары ата-энесин караган балдарына же туугандарына жеке ассистент катары айлык төлөөнү сунуштады.
Анын айтымында, адатта кайсы бир оорудан улам баса албай, төшөктө жатып калган кары ата-апасын караш үчүн уул же кыздары же башка тууганы жумушун таштап, үйдө отурууга аргасыз болот.
Ошол эле учурда азыр Кыргызстанда төшөктө жатып, кароого муктаж болгон жалгыз жашаган 3800дөн ашык кары-картаң бар. Аларга социалдык кызматкерлер барып каралашып турат. Бирок андай кызматкерлердин саны 850 гана болгондуктан, бир кары адамга 4-5 кызматкер туура келет. Мындан улам алар карыларды жумасына 1 жолу, жетишсе 2 жолу гана караганы бара алат.
Улукбек Карыбек уулу белгилегендей, азыр өлкөдө жеке ассистент деген механизм иштеп жатат. Бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдарды караган жарандар (адатта туугандары) жеке ассистент деп саналып, аларга мамлекет 8697 сомдон айлык төлөп берет. Ошондой эле өлкө бюджетинин эсебинен алар үчүн Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнүп, кийин пенсияга чыкканга укук алышат.
Депутат мына ушул эле механизмди дайыма кароого муктаж болгон кары-картаңды баккан балдарына же туугандарына жайылтып, аларга да айлык төлөөнү сунуштады. Ошентип кары ата-апаларды караган адамдар да жеке ассистент деп саналып, иш менен камсыз болот жана кийин пенсияга чыкканга да мүмкүнчүлүк алат.
Улукбек Карыбек уулу анын демилгесин алгач алты айлык долбоор иретинде баштап көрүүнү сунуштады. Бул долбоорго башында 500 үй-бүлө катышат.



