
Жарыяланган
2026-11-03, 12:39Депутат Элвира Сурабалдиева президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК кызматкерлеринен жапа чеккен ишкерлер тууралуу маселе көтөрдү.
Анын айтымында, УКМК кызматкерлери тоноп, оокатын алып койгон жарандар бар. Алардын көбү ишкерлер.
Бирок алар атайын кызматтын кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазуудан коркушууда. Алардын арасында айрым УКМК кызматкерлери азыркы тапта жумуштан алынган. Сурабалдиева аталган ишкерлер арыз жазып берсе, аларды президенттин өзүнө тапшырууга даяр экенин белгиледи.
Сөзүн улай Сурабалдиева УКМК тарабынан мамлекетке өткөрүлгөн мүлктөр боюнча кеп кылып, алардын тизмесин ачык жарыялоо керектигин айтты.
“Мага “ишкерлерден канча мүлк мамлекетке алынды, канчасы өз ыктыяры менен, канчасы мажбурланып алынды, канчасы чын эле мамлекетке өттү?” деген суроолор келип жатат.
“УКМК кызматкерлери мүлктү өзүнө, тууганына каттап алган учурлар көп” деп ачык айтылууда. Муну президентибизге жеткирип койгула, биз ачык айткандан коркуп жатабыз” деп жатышат”, - деди ал.
Садыр Жапаров ишкерлердин маселеси боюнча Башкы прокуратура, ИИМ жана УКМКнын жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды бергенин айтты.
“Жарымын өзүнө алып, жарымын мамлекетке өткөргөн” деп атып жатканыңыз боюнча да айттым. Аны да иликтеп, ким жарымын чөнтөгүнө алып алган болсо, ал мамлекетке кайтарылат.
“Бирөөнүн атына жамынып алып, акчасын, үйүн, мүлкүн алышкан болсо, бизнесин тартып алышса, кайра кайтартып бергиле” деп тапшырма бердим. Азыр ушунун үстүндө иштеп жатышат”, - деди ал.
Жапаров мамлекетке өткөн мүлктөр боюнча ревизия жүргүзүлө турганын, ал жыл аягына чейин созуларын айтты.
“Анткени ал жакта мамлекетке кайтарылган жерлер, бала бакча, мекемелер, заводдор бар. Ал акчалай гана өткөн эмес. Ошондуктан алардын баарын ревизия кылып туруп, так суммасын айтабыз”, - деди ал.



